Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош облустук милициясында мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

30.11.2022 14:31
556
Ош облустук милициясында мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү



2022-жылдын 30-ноябрь күнү Ош ОИИБде мектеп окуучуларына “Ачык эшик күнү” уюштурулду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Талант Шатманов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясынын начальниги милициянын полковниги Нуржан Адылова, мектеп окуучулар жана аларды жетектеп келген мугалимдер катышты.


Иш-чара алгач, чакырылган мектеп окуучуларга Ош ОИИБдин саптык аянтчасында курал-жарактар менен тааныштыруу, андан кийин спорт залында Ош ОИИБдин Атайын багыттагы даярдалган отрядтын кызматкерлери тарабынан жоокердик кармашуунун ыкмаларын көрсөтүлдү.


Мындан сырткары, имараттын ичиндеги сүрөт, баннерлер көрсөтүлүп, жалпы жыйындар залында уланды. 

Ошондой эле, Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан даярдалган кыска метраждуу “Темир тор артындагы балалык” аттуу фильм көрсөтүлуп, окуучулар тарабынан даярдалган зордук-зомбулук боюнча номерлер аткарылып, ырлар ырдалды. 


Иш-чара Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан “Зомбулуксуз жашоо” аталыштагы семинар-сабактар менен уланып, соңунда милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы тарых музейине саякат уюштурулду.


Соңунда иш-чарага катышкан окуучуларга китептер жана баалуу белектер берилди. Берилген белектер “Saferworld” эл аралык уюму жана Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан каржыланды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн