Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош облустук милициясынын 16 милиция кызматкери салтанаттуу ант берип, кызматка киришти

12.09.2022 12:14
875
Ош облустук милициясынын 16 милиция кызматкери салтанаттуу ант берип, кызматка киришти


2022-жылдын 12-сентябрь күнү Ош ОИИБдин саптык аянтчасында Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жаш кызматкерлеринин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ант берүү аземине Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, Ички иштер органдарынын ардагерлери жана Ош ОИИБдин өздүк курамы катышты.

Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Абитов жаш кызматкерлерди Ант берүү аземи менен куттуктап, Антын бекем сактап, кызматтык милдеттерин так аткарууга, Кыргыз милициясынын беделине шек келтирбей ак кызмат кылууга чакырып кетти.


Ант берүү аземи менен бирге ардактуу эс алууга узатуу аземи ѳткѳүлд. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөѳ кызматынын начальнигинин орун басары, ал эле өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын полковниги Коңурбаев Таалайбек Жумаевич ардактуу эс алууга узатылды.

Милициянын полковниги Таалайбек Коңурбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында жалпы эсеп менен 42 жыл 2 ай эмгектенген. 


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин чечиминин негизинде Таалайбек Коңурбаевдин жубайы Комилахон Коңурбаевага жана милициянын отставкадагы подполковниги Марс Карабаевдин жубайы Замира Жанбаевага “Офицердин жубайы” медалдары тапшырылды.


Ардактуу эс алууга узатуу аземи Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын аянтында өздүк курамдын катышуусу менен салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Иш чаранын аягында жаш кызматкерлер менен ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкерлер эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" концепциясынын алкагында ѳткѳрүлдү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн