Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими күн мурун, 29-апрелде алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, режим облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу, Ош облусунун башчысынын буйругунун негизинде алынган.
Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу облус аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн