Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ош облусунда 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 11 жол кырсыгы катталды

06.04.2022 16:07
509
Ош облусунда 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 11 жол кырсыгы катталды

Ош облусунун аймагында оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 2022-жылдын үч ай ичинде 11 жол кырсыгы катталган. Бул туурасында Ош облустук ИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Ош облусунун аймагында оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 2022-жылдын үч ай ичинде 11 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 19 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.


  Жол кыймылынын кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын кесепетинен болгондуктан ушул багытта Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча оң рулдуу унаалардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.


2021-жылдын 12 ай ичинде Ош облусунун аймагында 133 жол унаа кырсыгы катталган анын кесепетинен 30 жаран каза болуп 282 жарандар денелеринен ар кандай жараттарды алышкан.


Оң рулдуу унаанын айдоочулары жүргүнчүлөрдү түшүрүүдө жана башка унааларды ашып өтүүдө оорчулукту жаратып, жол-кырсыктары тобокелчилигине алып келет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн