Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош облусунда Насирдин Исановдун 80 жылдыгы жана Жеңиш күнүнө карата күрөш өткөрүлдү

09.05.2023 20:45
1117
Ош облусунда Насирдин Исановдун 80 жылдыгы жана Жеңиш күнүнө карата күрөш өткөрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылыш аземине катышты.


МинКаб башчысы 31-августта Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чаралар өтөөрүн белгиледи.


“Насирдин Исанов мага рухий жактан абдан жакын адам болчу. Мыкты стратег, экономика илимдеринин доктору, ал бүт өмүрүн Кыргызстандын элине кызмат кылууга арнаган. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталат”, - деген Акылбек Жапаров, мелдешти уюштурган демилгечилерге ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле, Жапаров турнирдин уюштуруучуларына министрлер кабинетинин и өрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.


Белгилей кетсек, мелдештер Ош облусунун Ноокат районундагы “Сахаба” стадионунда өткөрүлдү.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн