Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош облусунда ички жолдор сары таш менен курулат

10.02.2023 09:04
462
Ош облусунда ички жолдор сары таш менен курулат


 Ош облусунун райондорунда жаңы ыкма – сары таш менен ички жолдор курулат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгөн кабарлашты.


Маалыматка ылайые, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси алгачкы жолу 2023-жылдын март айынын аягына чейин Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө ишке ашырылып, 1 чакырым ички жол куруу пландалууда.


Ош облусунун башчысы Араван районундагы таш карьерге барып, жолго төшөлүүчү таштын сапатын жеринде көрдү. Зиядин Жамалдинов тиешелүү адистерге жолду сапатына көңүл бурууну тапшырды.


Аталган ыкма менен 2023-жылы башка райондордо да колдонулуп, ар бир райондун аймагында 1 чакырымдан ички жол куруу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн