Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто коронавирустун экинчи толкунуна даярдык маселеси талкууланды

13.10.2020 18:03
1022
Ошто коронавирустун экинчи толкунуна даярдык маселеси талкууланды


Бүгүн, 13-октябрда Ош облусунун пандемияга каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинин жыйынтыгында, алдын-алуу чараларын жана калкка убагында дарыгерге кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Облустук саламаттыкты сактоо координатору Шаят Абдурахмановдун маалыматы боюнча, Араван районунда илдет жуктургандардын саны жогору.


Бейтаптардын арасында өз алдынча же жеке ооруканаларда дарыланып, абалы начарлаганда гана оор акыбалда кайрылып, дарылоо оорчулук туудуруп, тилекке каршы, өлүмгө алып келген учурлар бар.


Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов жаңыдан ачылган Кара- Суу районундагы инфекциялык облустук ооруканасын толук кандуу иштетүү талабын койду. Анткени, ал жерде 120 орун болсо, азыр 65 гана бейтап жатат. 


Ал эми, Ош облусунун аймагында жылуулук менен камсыз болгон имараттарда 1423 керебет күндүзгү стационар даяр. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы менен ачылат. 


Ошондой эле, штаб белгилегендей зарыл болсо кайрадан чектөө киргизилет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн