Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ош облусунда жашы жете элек 24 бала тилемчилик менен алектенери аныкталды

12.07.2021 15:41
1075
Ош облусунда жашы жете элек 24 бала тилемчилик менен алектенери аныкталды

Ош облусунун аймагында кайырчылык менен алектенген жашы жете электерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы тарабынан 2021-жылдын 9-июль күнү Ош облусунун аймагында Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жашы жете электердин арасында “Тилемчилик” жана “Кайырчылык” аталыштагы рейд өткөрүлдү. Жашы жете электердин арасында тилемчилик жана кайырчылыктын алдын алуу максатында, соода-сатык түйүндөрү, жана башка жайлар текшерүүгө алынып, натыйжада 51 жашы жете элек аныкталып, алардын ичинен тилемчилик менен алектенгендер-24, селсаяктык кылган -4 жана көзөмөлсүз жүргөн -23 жашы жете электер аныкталды.


Ош ОИИБдин КККнын жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖУАБна) 12 жашы жете электер жеткизилген. Аныкталаган учурлар боюнча балдар комиссиясына 23, балдарды колдоо бөлүмдөрүнө 33 өспүрүмдүн маалыматтары жиберилди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн