Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ош облусунун аймагында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

22.04.2024 11:16
440
Ош облусунун аймагында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Ош облусунун аймагында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрүп, селден улам облус аймагында орун алган маселе талкууланды.

Онлайн режимде өткөн жыйынга облустук жетекчилер, жарандык коргонуу өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Талкууда учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилип, акыркы күндөрдө аткарылган иштер талдоого алынды.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Элчибек Жантаев аймактагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн макулдашылган иш-аракеттеринин зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн