Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош облусунун аймагында тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады

21.11.2021 15:59
602
Ош облусунун аймагында тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык Ош облусунун райондорунда тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү. 


Урматтуу Ош облусунун тургундары!


 Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча Райондук мамлекеттик администрация же Айыл өкмөттөргө кайрылсаныздар болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн