5-январь күнү Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 19:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн