Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин облус башчысы боюнча бир канча депутаттар нааразылыгын билдирип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн