Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

15.03.2022 14:43
738
Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды


Бүгүн, 15-март күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу облус башчысынын маалымат кызматы билдирди.


Иш чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү мекеме жетекчилери катышты.  


Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер, жайыт, жер тилке маселеси, таза суу, турак жай, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылды. Ош облусунун башчысы, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, Онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.


Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн