Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ош облусунун чек арага жакын эки айылында милиция бөлүмчөсү курулууда (фото)

15.07.2020 13:33
1072
Ош облусунун чек арага жакын эки айылында милиция бөлүмчөсү курулууда (фото)

Ош ОИИБнын башысы М.Нурдиновдун демилгеси жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин колдоосу астында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдарында эки айылдык милиция бөлүмчөсүнүн курулуш иштери башталды.


Ош ОИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, бул бөлүмдөр чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууну чыӊдоо максатында ачылып, 25 штаттык кызмат орун бөлүнгөн.


Жергиликтүү бийлик тараптан Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 5 сотых жер бөлүнүп берилип, ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлери, кызматкерлери жана ишкерлер каражат жагынан жардам беришкен.


Ал эми Кара-Кулжанын Кызыл-Жар айылындагы милиция бөлүмчөсү 4 кызматтык бөлмө, 2 жашоо үчүн бөлмө, 1 бөлмөлүү ашканадан турат. Айылдык милиция бөлүмчөсү чек арада жайгашкан Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал, Капчыгай жана Кызыл-Жар, Алайкуу айыл аймактарында жашаган 20 миӊге жакын калкты тейлейт.


Милиция бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө аяктап, ишке берилүүсү мерчемделген.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн