Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов агасы Каныбек Осмоналиевдин айткан сөздөрүн четке какты.
Анын айтымында, ал өз ордунда кадимки штатта иш алып барууда.
"Жумушта иштеп эле жатам. Өзү менен байланыша элекмин, телефону өчүк. Азыр анын уулу дагы, жубайы дагы иштеп жатат. Ал эмнеге мындай деп айтканын билбейм. Аты аталган адамдар жөнүндө дагы таң калуудамын. Менин Сүйүн Касмамбетовго жана башка адамдарга дооматым жок. Себебин өзү менен сүйлөшүп гана билбесем башка эч нерсе айта албайм. Ал адамга психикалык сокку болгонбу деп ойлоп жатам", - деди Абдураимов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн