Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош облусунун губернатору Кара-Суу районунун акимдигине эки талапкерди сунуштады

24.11.2020 17:28
2127
Ош облусунун губернатору Кара-Суу районунун акимдигине эки талапкерди сунуштады


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Кара-Суу районунун акими кызматына  Мурадин Тешебаев жана Нурлан Абдраевдин талапкерлигин  көрсөттү. Бул тууралуу губернатордун ЖМКлар менен болгон жыйынында белгилүү болду.


"Менде принцип бар, кайсы бир жерде өсүп келе жаткан баланы гана сунуш кыла алам. Көчөдөн же башка жактан келгендерди сунуш кыла албайм. Андайга өзүмдүн ичимден да каршы турам. Себеби билбей туруп барыш кыйын, өздөштүрүш кыйын, убакыт көп кетет".-деди Абдраимов.


Мындан сырткары, Абдраимов эки талапкер дагы мурда бул кызматта иштеп көргөнүн жана Кыргызстандын эң чоң районунун башкарып кете турганын кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн