Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош облусунун жаңы башчысы биринчи иш сапарын Араван районунан баштады

20.04.2023 11:30
288
Ош облусунун жаңы башчысы биринчи иш сапарын Араван районунан баштады

 


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Араван районуна иш сапары менен барып, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, үрөнчүлүк чарбаларынын материалдык-техникалык базасынын жана буудай, пахта талааларынын абалы менен жеринде таанышты.  Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл жазгы талаа иштери жүрүп жаткан талааларды кыдырып, буудай жана пахта, өстүрүүнүн технологиялары менен таанышты. Ошондой эле, жергиликтүү үрөнчүлүк дыйкандар менен жолугуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулады. 


"Бул аймактын климаттык шарттары жана топурактары жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Араван районунда жемиштүү иштер жүрүп жатканына ишенем, мындан ары да үрөнчүлүктү колдоо жана өнүктүрүү керек. Мындан тышкары дыйкандарыбызга түшүмдүүлүктү жана продукциянын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүп беришибиз керек. Облусубуз сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча лидерлердин бирине айланышы үчүн болгон күч аракетти жумшоо зарыл », - деди Элчибек Джантаев


Ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн