Бүгүн, 18 апрель күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Ош облусунун тургундары жер, сугат суу, социалдык маселелер сыяктуу көйгөйлүү маселелер менен кайрылышты.
Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан айыл өкмөт башчыларына элдин көйгөйүн чечүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, жуманын ар шейшемби күндөрү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн