Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 22:38
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

“Oш пансионаты” мекемесинин жерлери кайтарылды

07.04.2025 17:20
23
“Oш пансионаты” мекемесинин жерлери кайтарылды


“Oш пансионаты” мекемесинин жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Кыргызстан кесиптик бирлигинин «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын «Oш пансионаты» мекемесине тийиштүү 1,5 га жер тилкеси 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 млн сомду түзгөн 1,5 га жер тилкеси кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн