Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 9 саясий партия катышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Ош аймактык шайлоо комиссиясында шайлоого талапкерлигин каттатууга 9 партия тиешелүү документтерди тапшырган. Алар:
- “Ата-Журт Кыргызстан”;
- “Ынтамак”;
- “Улуу Журт”;
- “Бир бол”;
- “Биздин Кыргызстан”;
- “Бүтүн Кыргызстан”;
- “Улуттар биримдиги”;
- “Келечек-Будущее”;
- “Нур”.
Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн