Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өтсө, кайсы партиялар катыша алат?

12.05.2021 10:00
1744
Ош шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өтсө, кайсы партиялар катыша алат?

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.


БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону суранды.


Эгер кайра шайлоо өтүп калса, анын тартиби кандай болот, кайсы партиялар катыша алат деген суроо туулат.


Бул туурасында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 39-беренесинде жазылган.


* Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо президент тарабынан шайлоо жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт;

* Шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт;

* Эгерде мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу үчүн негиз болсо, эч бир партиянын жарышка катышуусуна чек коюлбайт.


Булак: Спутник Кыргызстан


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн