Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна партиялар Аймактык шайлоо комиссияларына арыз тапшырууда.
Эң чоң активдүүлүк Бишкек шаарында байкалып бүгүнкү убакытка карата 14 партия шайлоого катышууну билдирип БШКга кайрылган.
Ал эми Ош шаарында болгону "Тилектештик" партиясы арыз тапшырган, "Ыйман Нуру" партиясынын документтеринде кемчилик болгон.
Кара-Кол шаарында азырынча "Республика", "Табылга" жана "Чоң казат" партиялары арыз берген.
Балыкчы шаарында болсо "Замандаш" жана "Мекен Ынтымагы" партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирип АШКга арыз тапшырган.
Жергиликтүү кеңештин шайлоосу 11-апрелде өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн