Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош шаардык мэриясы 5 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген

21.02.2024 14:26
474
Ош шаардык мэриясы 5 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген


Ош шаардык мэриясынын жана Ош облустук архитектура башкармалыгынын кызматкерлери 5 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп беришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, кезек тартибин бузуу менен Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз берилген.


«Бул жер тилкеси тиешелүү документтер алынгандан кийин башка жактарга сатылып, натыйжада мамлекетке материалдык зыян келтирилген», - деп айтылат маалыматта.


Бул фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн