Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаардык мэриясы Исфана шаарынын инфратүзүмүнө жардам берет

15.07.2021 12:37
947
Ош шаардык мэриясы Исфана шаарынын инфратүзүмүнө жардам берет

Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарына инфратүзүмүнүн жакшырышына жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан тездетип өнүктүрүүнү, калктын бакубаттыгын жана жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу максатында, топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарылчылыгын көңүлгө алуу жөнүндө” буйругун аткаруунун негизинде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов баштаган шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Исфана шаарына келишти. 


Иш сапардын алкагында жумушчу топ Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов жана шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Сапаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө курулуп жаткан социалдык объектилерге баруу, коммуналдык кызматтардын иши менен таанышууда. 


Исфана шаарынын инфраструктурасы менен таанышкандан кийин, Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарын өнүктүрүү жана анын аймагындагы эң керектүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгат.


Учурда Исфана шаарында 34 миңден ашуун адам жашайт.


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырманы аткаруу боюнча тапшырма берген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн