Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы каза болду

08.06.2020 13:11
1185
Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы каза болду


Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси  Зикиров Максатбек Пирмаматович каза болду.

 

Мэриядан билдиришкендей, Зикиров  8-июнда эртең менен көз жумган. Ал 56 жашта болчу. Бир жума мурун жогорку кан басымы менен ооруканага түшкөн. 


М.Зикиров 1964-жылы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган.  1982-1986-жылдары Ош шаардык педагогикалык институтунда мугалимдик кесип боюнча билим алган. 1995-2000-жылдары Ош шаардык мамлекеттик университетинде юриспруденция адистиги боюнча окуган. 


Эмгек жолун 1982-1982-жылдары Таш-Короо атындгы мектепте орус тилчи болуп иштөөдөн баштаган. 1986-1999-жылдары  А.Макаренко атындагы мектепте математика мугалими болуп эмгектенген. 1999-2000-жылдары Т.Отунчиев атындагы мектепте класстан тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу болсо, 2000-2001-жылдары Алай райондук администрациясында юрист-жардамчы болуп иштеген.


2001-2008-жылдары Б.Аданбаев атындагы мектептин, 2008-2012-жылдары Т.Отунчиев атындгы мектептин директору болгон. 2012-2016-жылдары Алай районунун акиминин орун басары, 2016-жыдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. 






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн