Бугу 07, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош шаардык милициясы жөө жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоону эскертти

26.07.2021 09:55
507
Ош шаардык милициясы жөө жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоону эскертти

Ош шаарындагы айрым жөө адамдар көпчүлүк автокырсыктарынын себепкерлери болуп калышууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Маалым болгондой, Ош шаарындагы акыркы 6 айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө адамдардын күнөөлөрү бар.


Тагыраагы, 280 кырсыктын 150сүндө жөө адамдар катышкан. Анткени айрым жөө жүрүүчүлөр: 1.Жолдо жүрүүнүн эрежелерине көӊүл бурушпайт; 2. Атайын жөө адамдар үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт; 3. Жаш балдарын коштобостон дүкөндөргө жумшашат; 4. Жолдо өтүп бара жатып кулакчын тагып алышат же телефондорго алаксышат; 5. Мас абалда жолго чыгып алышат; 6. Жолдон өтүүдө түрдүү башка нерселерге алаксып калышат; 7. Тротуар менен эмес жол бойлоп басышат; 8. Жолдон жүгүрүп, велосипед айдап өтүшөт. "Жогоруда белгилегендей, 150 кырсыкка биздин жарандарыбыз "бүгүн кырсыкка кабылам" деп ойлошкон эмес. Жол кырсыгына кабылбоо үчүн "Кудай сактасын" аздык кылат.


Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюна милициянын кайгуул кызматы жана башкармалыктын аймактык тескөөчүлөрү жөө адамдар арасында атайын рейд уюштурушуп, негизинен профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.


Рейд учурунда 1288 жол эрежесин бузгандарга протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 6 айдоочу мас абалда кармалды, 75 унаа айып короосуна киргизилди. Анын ичинен 34 айдоочу унааны документтери жок башкарган", - дешти башкармалыктан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн