Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ош шаардык соту бир тууган Матраимовдордун бөгөт чарасын кароодо

27.03.2024 17:15
146
Ош шаардык соту бир тууган Матраимовдордун бөгөт чарасын кароодо


27-мартта Ош шаардык сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдордун бөгөт чарасы каралууда, деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду жана анын бир туугандарын 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген.


Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы бажычыны 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн