Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаары Россиянын эки шаары менен кызматташат

23.03.2023 10:18
328
Ош шаары Россиянын эки шаары менен кызматташат

22-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынын делегациялары менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ярославль шаарынын мэринин орун басары Вячеслав Гаврилов баштаган делегация менен жолугушууда ЖОЖдор аралык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программалары, медициналык адистердин стажировкалары, маданият тармагындагы кызматташтык, өндүрүш тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Ош шаарынын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектилеринин (Сулайман-Тоо) жана Ярославль шаарынын тарыхый борборлорунун айланасындагы аймактарды өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашуу боюнча сөз жүрдү.


Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова баштаган делегация менен жолугушуунун алкагында эки тараптын профессордук-окутуучулук курамы биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүү, Ростов-на-Дону шаарынын транспорттук ишканаларында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу, спорт тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, маданий өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.


Андан соң аталган делегациялар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбековдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын, Россиянын Оштогу Башкы консулунун, жогорку окуу жайлардын, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген курамдагы жыйын өттү.


Анын алкагында Ош жана Ростов-на-Дону шаарларынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кызматташуунун потенциалдуу багыттары боюнча презентациялар көрсөтүлдү.


Иш-чаралардын жыйынтыгында Ростов-на-Дону шаары менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият, туризм, спорт, жаштар саясаты, коомдук транспорт тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү жаатында кызматташтык программасына кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова кол коюшту.


Ярославль шаары менен жергиликтүү өз алдынча башкарууда тажрыйба алмашуу, орто жана жогорку кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу, улуттар аралык кызматташтык жаатында экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүү боюнча программага кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов кол коюшту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн