Бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Кыргыстандын Ош шаары менен Түркиянын Стамбул шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана башкы консул Л.Сыдыкова Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки шаардын мэрияларынын өз ара аракеттенүү маселелерин, анын ичинде кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты. Ош шаарынын мэри А.Мамбетов кесиптешине Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча акыркы чаралар тууралуу маалымат берип, 2022-жылы Ош менен Стамбул шаарларынын бир тууган шаар мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жыл толорун белгиледи. Буга байланыштуу ал бир тууган шаарлардын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды мындан ары да арттырууга бекем ниетин билдирип, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Өз кезегинде Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглу мындан аркы биргелешкен иштерге даяр экендигин билдирип, муниципалитеттин түрк тилдүү мамлекеттердин шаарлары менен эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү. Ал ошондой эле А.Мамбетовдун Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо ниетин толугу менен кубаттады.
Жолугушуунун жыйынтыгында А.Мамбетов эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында Стамбул шаарынын мэри Э.Имамоглуну Ош шаарына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн