Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ош шаарына 3022 жыл! Калаа мэри тургундарды куттуктады

05.10.2022 09:46
644
Ош шаарына 3022 жыл! Калаа мэри тургундарды куттуктады


Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарына 3022 жыл толду. Быйыл шаар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтпөйт. Шаардык мэрия анын себебин Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу экендигин билдирген.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады.

Төмөндө калаа башчысынын куттуктоосун толугу менен беребиз:

"Урматтуу Ош шаарынын жашоочулары!

Кадырлуу замандаштар!

Мекендештер!

Доорлор алмашып, мезгилдин баалуулуктарынан алыстабай бай тарых жаратып келген керемет Ош шаарыбыздын күнү менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм!

Ош шаары – Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Быйыл сүйүктүү Ош шаарыбызга 3022 жыл болду.

Чындыгында Ош шаары географиялык, климаттык жактан ыңгайлуу жайгашкандан улам эзелтеден көп түрдүү маданияттар өз ара айкалышып, өнүгүп олтуруп, маданиятында, салтында, үрп-адатында ар түркүн сүртүмдөр кездешкен уникалдуу шаар.

Байыртадан өзүбүздүн салтыбызды, өзгөчөлүгүбүздү, кайталангыс колоритибизди сактап келүү менен бүгүнкү күндө бүтүндөй дүйнө элине Ош шаары - “Жибек Жолунун провайдери” деп жар салып келебиз. Ал аркылуу ааламдашуунун алкагында, өнүгүүнүн ушул этабында дүйнөлүк цивилизацияга өз салымыбызды кошуу ниетиндебиз.

Биздин ата-бабаларыбыз баштаган Улуу Жибек жолундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонундагы Ош шаарыбыз ар бириңиздер сыймыктанган шаарга айлануусуна тилектештигимди билдирем.

Ата-бабаларыбыздан калган баа жеткис салтыбызды, өзгөчөлүгүбүздү сактап, келечек муундарга жеткирүү менен Ош шаары азыркы күндө кайра жаралуу тарыхын баштап, элибиздин руханий көрөңгөсүн байытууга, эл аралык деңгээлде интеллектуалдык, маданий, тарыхый, соода-экономикалык багытта өнүгүүнүн аянтчасына айланууга аракеттер болуп келет.

Келечекте да шаарыбыз берекелүү, меймандос, көп улуттуу элинде ынтымак байырлаган баалуулуктарынан алыстабастан, дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат деп ишенем.

Шаар күнү шаардыктар, шаардын жашоочулары үчүн маанилүү күн экени белгилүү. Бирок Баткен облусунун аймагында куралдуу кагылышуулар учурунда Ата Мекен үчүн курман болгон кырчындай баатыр уулдарыбызды жоготуп, кабыргабыз кайышып турган мезгилде шаарыбыздын кезектеги мааракесин шаан-шөкөтсүз эле белгилесек деген тыянакка келдик. Бул чечимди түшүнүү менен кабыл алып жатканыңыздарга ишенем!

Шаарыбыздын күнүн кийинки жылдарда тынчтыкта, бакубатчылыкта чоң деңгээлде белгилөө ниетибиз бар.

Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм. Үй-бүлөңүздөрдө барчылык, өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болсун.

Жаркырай бер, өсө бер Ош шаарым!

Дагы бир ирет Ош шаарынын 3022 жылдыгы менен куттуктайм!".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн