Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарына Андижандан 10 миң көчөт алынып келинди

21.02.2022 16:48
886
Ош шаарына Андижандан 10 миң көчөт алынып келинди

Бүгүн, 21-февралда, Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Андижандын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Достук өткөрмө бекетинен тосуп алды.


"Көчөттөр коңшулаш Андижандан экинчи борбор калаага белек катары жөнөтүлгөн. Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар павловния көчөтүнөн отургузушту. Алдыда 10 миң түп көчөт шаар аймагына бир күндө отургузулат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн