Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Ош шаарына Самарканддан 35 автобус алынып келди

24.09.2022 14:52
423
Ош шаарына Самарканддан 35 автобус алынып келди



Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун келишимдерине ылайык “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и түштүк борборго келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Калганы график боюнча 26-сентябрда келет. 


Учурда заводдун адистери автобустарга айдоочуларды даярдоону баштады. Айдоочуларды кабыл алуу арыздардын негизинде жүргүзүлдү.


Үйрөтүү процесси менен бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышты. Учурда бул жерде 70 айдоочу даярдалып жатат.


Ошондой эле автобустарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүрүп, шаардык автоунаа ишканасы тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө. 


Жакынкы арада бул автобустарды линияга чыгаруу пландалууда. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн