Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарына да таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

24.08.2021 20:41
626
Ош шаарына да таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат


Бүгүн, 23 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдын экономика жана энергетика боюнча вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана "Biotrend Energy" компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган түркиялык делегация менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.



Жолугушуунун алкагында Ош шаарында инветицияларды тартуу, эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болду.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов учурда көйгөйлүү маселелерди приоритеттүү багыт катары алып, чечүү жолдоруна инвесторлорду жана адистерди тартып жатканын билдирди.

Ал эми "Biotrend Energy" компаниясынын адистери Ош шаарында жайгашкан  таштанды полигонуна барып жеринен көрүп келишти. Бир айдын ичинде завод куруу долбоорунун келишими даярдалып, бир айдан алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жаралат деп билдиришти. 

Жолугушуу "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталды.

Документке Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жана "Biotrend Energy" түрк компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн