Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:15
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ош шаарына Өзбекстандан 200 тонна гумжардам келди

16.07.2024 15:53
913
Ош шаарына Өзбекстандан 200 тонна гумжардам келди


Бүгүн Өзбекстандын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Шоятбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн