Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош шаарына Өзбекстандан алынып келген автобустар каттамга чыкты

25.10.2022 12:56
605
Ош шаарына Өзбекстандан алынып келген автобустар каттамга чыкты

Бүгүнтөн баштап Ош шаарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу алынган 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, бардык автобустар төрт автобустук маршрут боюнча бөлүштүрүлдү.


Жаңы автобус каттамдары:


№10 автобус линиясы - “Амир-Тимур” МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин каттайт;


№9 автобус линиясы - “Туран” МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин каттайт;


№53 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;


№6 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин (Курманжан-Датка МАБ).

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Окенова
Учар айылына да автобустар каттаса жакшы болмок маршрутка жарым жолдон кайтып ел кыйналып атат .Учар айылында Уй булоолук дарыгерлер тобу жайгашкан .Бизге 5айыл аймагы карайт оорулулар кош бойлуулар бизге келгенде кыйналып атышат .