Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ош шаарына жаңы алынып келинген 5 өрт өчүрүүчү техника берилди

30.03.2022 13:01
352
Ош шаарына жаңы алынып келинген 5 өрт өчүрүүчү техника берилди


Бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына жаңы өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.


Калаанын борбордук аянтында атайын унааларды кабыл алуу болуп, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Жунус Жумабаев жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.


Бул өрт өчүрүүчү унаалар шаар аймагындагы өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөт. 


Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Кыргызстанга 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар алынып келингени маалымдалган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн