Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:42
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ош шаарына жаңы мэр болуп дайындалган Жетигенов жамаатка тааныштырылды

29.11.2022 16:15
553
Ош шаарына жаңы мэр болуп дайындалган Жетигенов жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Бакытбек Жетигенов мэриянын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакытбек Жетигеновду жамаатка КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырып, мурдагы мэр Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында 1 жыл 4 ай убакыт иштеди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн