Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында 174 гектар жер трансформацияланды

21.06.2022 10:21
583
Ош шаарында 174 гектар жер трансформацияланды


Айыл чарба министрлигинин алдындагы Кадастр мамлекеттик мекемеси Ош шаарында мыйзамсыз басылып алган, өз алдынча турак-жай курулган тилкелерди күбөлөндүргөн документтерди берүү тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, шаарда 21-июнга карата жалпысынан 174 гектар жер трансформацияланды жана жалпысына 815 техникалык паспорт берилди.

Мунун алдында, апта аягында президенттик администрация жерлерди трансформациялоонун жана күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берген. Анда мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 миңдан ашык жер тилкеси такталган.

"Жалпысынан 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. "Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты", - деп жазылган маалыматта.

Мыйзамга ылайык, санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер мыйзамдаштырылбайт.

Жогорку Кеңеш “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” мыйзамын 17-мартында кабыл алынып, ал 5-апрелде күчүнѳ кирген.

Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө жалпы аянты болжол менен 29 872 гектар жер трансформацияланат.

Министрлер кабинети майдын соңунда “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” жобону бекитти. Ага ылайык, мэриялар жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда комиссиялар түзүлүп, аталган жерлерди дагы бир ирет тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылы ноябрь айында Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырыла турганын жарыялаган. Көп өтпөй дал ушул Ак-Ордо-3 конушундагы жашоочулар менен жолугуп, 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда бир да мыйзамсыз үй болбошу керектигин айткан болчу.

Буга чейин Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары президент Садыр Жапаровдун үйлөрдү документтештирүү боюнча тапшырмасы аткарылбай жатканын айтып, маал-маалы менен бийликке кайрылып келишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн