Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында 2010-жылы өткөн каргашалуу июнь окуясы эскерилип, митинг-реквием өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты.
Митингде Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, катышуучулар "Энелердин көз жашы" мемориалына гүл коюшту. Андан соң каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн