Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында 2388 бүтүрүүчү мектепти аяктады (фото)

09.06.2022 16:31
638
Ош шаарында 2388 бүтүрүүчү мектепти аяктады (фото)



Бүгүн Ош шаарындагы мектептерди калаанын вице-мэрлери, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын бөлүм башчылары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери кыдырышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев майрамдык иш-чаранын алкагында №14 К.Алтыбаев атындагы мектеп-гимназиясында болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө окуучулардын мындан аркы профессионалдык өсүүсүнүн негизги пайдубалы катары мектепте алган билимдин маанисин белгиледи. 


Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн активдүү мугалимдерге шаардык мэриянын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды. Мектептин коомдук иштерине жигердүү салым кошкон окуучулар, окууда өзгөчөлөнгөн окуучулар да Ардак грамоталар менен сыйланышты.


Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова Алмалык айылындагы №25-орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө барып, балдарга мындан аркы жашоодо ийгиликтерди каалады. Аталган мектептин өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрү, мыкты мугалимдери активдүү салымдары үчүн Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.  


Быйыл Ош шаарындагы мектептерди 8502 бүтүрүүчү аяктаса, анын 2388и 11-классты, 6114ү 9-классты бүтүргөндөр. Калаада бүгүнкү күндө жалпы 85 мектеп бар, анын 53ү мамлекеттик, 2си адистештирилген жана 30у жеке менчик.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн