Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында 24 өлкөнүн балбандарынын катышуусунда алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

16.05.2022 13:57
1642
Ош шаарында 24 өлкөнүн балбандарынын катышуусунда алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Шабдан Амиралиев Sputnik агенттигине билдирди.


Анын айтымында, Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт.


"21-23-майда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. 24 өлкөдөн спортчулардын келүүсү күтүлүүдө. Ири мелдешти өткөрүү жоопкерчилиги бизге жүктөлгөндүктөн жогорку деңгээлде даярданып жатабыз. Учурда алыш күрөшүнүн кулачы кеңейип, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө өнүгүү жолуна түштү. Баяман Эркинбаев түптөгөн жолду ийгиликтүү улантып, учурда улуттук спортубуздун эл аралык аренадагы ордун калыптандыруу үчүн аракеттер болууда. Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт. Андыктан катышуучулардын саны да көп болот", — деди Амиралиев.


Ошондой эле адис алыш күрөшүн Олимпиада оюндарынын программасына кошуу үчүн аз гана убакыт калганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн