Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү (фото)

27.12.2021 14:15
1182
Ош шаарында 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү (фото)



Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин "Алтын балаты - 2022" аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, жаңы жылдык балатыга калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты. 


Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду. 


Ошондой эле, мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.  


Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн