Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында опузалап 600 миң сом талап кылган спортчулар кармалды

Ош шаарында опузалап 600 миң сом талап кылган спортчулар кармалды

Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Х.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.


Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.


УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.


Ошондой эле УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн