Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында 63 жаштагы жаран аялына 4 жолу бычак сайган

12.04.2022 13:02
651
Ош шаарында 63 жаштагы жаран аялына 4 жолу бычак сайган

Ош шаарында 63 жаштагы жаран аялына 4 жолу бычак сайган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


     2022-жылдын 7-апрель күнү Ош шаарынын  М.Калинин конушунун тургуну 58 жаштагы тургуну (аял киши) денесинин төрт жеринен бычакталып, оор абалда саат 10.00 чамаларында Ош областтык ооруканасына, жандандыруу бөлүмүнө  коӊшулары тарабынан жеткирилген.  Ак халатчандардын жана коӊшуларынын ыкчам аракетинен улам аял кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон. 

  Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги, жана тергөө-ыкчам тобу  барышып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүлгөн. 

     Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары жабырлануучу аялдын  өмүрлүк жолдошу, 1959-жылы туулган  С.Х. кармалды . Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2022-жылдын 7-апрель күнү Ош шаарына караштуу М.Калинин конушунун тургуну, 1959-жылы туулган С.Х. өз үйүнүн короосунда,   өз аялын өлтүрүү максатында   алдын ала даярдаган ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайгылап жаткан учурда, ызы-чууну угушуп жетип келишкен коӊшулары тарабынан  тараптар ажыратылган. Жабырлануучу  коӊшулары тарабынан Ош облустук ооруканага  жеткирилген. Жубайлардын ортосундагы чыр өз ара келишпестиктен улам келип чыккан. 


   Шектүү С.Х Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-апрель күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берилди. Учурда  Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 122-беренесинин(адам өлтүрүү) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш   иши башталды.


   Сүрөттө: кармалган шектүү С.Х. 

    

        

                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн