Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери уланат

26.01.2022 13:43
964
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери уланат


25-январда Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу болуп өттү.


Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуу биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү.


Жыйынтыгында долбоордун курулушу табигый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашырылуусу сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды.


Жакында долбоор кайра иштелип, толуктоолор киргизилет. Ал эми каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык негизде ишке ашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн