Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында “Билим” лицейи ачылды (фото)

11.11.2022 07:52
723
Ош шаарында “Билим” лицейи ачылды (фото)

Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейи үчүн курулган окуу имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, саамалыкка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, ата-энелер катышты.


“Билим лицейин көп угуп жүрөбүз. Алтын сертификат алгандыгы, педагогикалык жамааттын ишмердүүлүгү деп баалайбыз. Башка ЖОЖдорго үлгү болуш керек. Балдарына көмөк көрсөтүп жаткан ата энелерге ыраазычылык. Илим күнүндө мектеп ачылып жатканы жакшы жышаан. Илимдүү, билимдүү балдар тарбиялансын”- деген министр өзү ала келген математика боюнча олимпиадага даярдоо китептерин белекке тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы пайдаланууга берилип жаткан окуу корпусу 3 кабаттан турат. Имаратта окуу кааналар, лабораториялар, коференц залдар, гимнастикалык залдар, китепкана бар. Бардык окуу кааналар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.


ОшМУнун ички каражатынан каржыланган окуу корпусунун курулушу 2021-жылдын 15-июлунда башталган.

ОшМУнун "Билим" лицейи 2012-2013-окуу жылында ачылган. Учурда 5-класстан 11-класска чейинки улан-кыздар мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдер боюнча тереңдетилген билим алышып, ЖРТга даярдоодон өтүшөт.

Бүгүнкү күндө лицейде 205 окуучу билим алат. Буга чейин лицейдин 2 окуучусу Алтын сертификаттын, 11окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээлери болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн