Ош шаарында Эгемендик күнүнө карата массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Ага байланыштуу баардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин, жеке ишкерлерди, шаар тургундарын активдүү катышууга чакырабыз.
21-22-август жума жана ишемби мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин чыгат.
Ишемби жана жекшемби күндөрү менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар жана шаар тургундары ишембилик өткөрөт. Бул туурасына бүгүн, 18-август күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусундагы штабдык жыйынында айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн