Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

28.05.2022 13:32
926
Ош шаарында Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди



Бүгүн, 28-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Алайчиев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Токтосун Сабыров, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.


Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрдүн формасынын жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ага улай күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, кеңири концерттик программа тартууланды.


М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо үчүн аскердик кызмат өтөө маанилүү экенин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн