Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленет

20.03.2024 09:15
325
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленет


21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленет. Шаардык мэрия майрамдык программаны жарыялады.


Ага ылайык, бул күнү саат 09:00дөн тарта "Ноорузду даңазалоо" деп аталган оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театрлаштырылган концерт тартууланат.


Аянттын оң тарабына жети боз үй тигилет. "Кыргыз шырдак" аталышындагы көргөзмө-жарманке да өтөт. Мындан тышкары, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук тамак-аш жарманкеге коюлат. Шаардын борборун майрамда гүл жана жаңы көчөттөрдүн "Көктөм" көргөзмө-жарманкеси да көркөмдөйт.


Аянтта улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.


"Ошондой эле "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош мэриясынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтөт", — дешти мэриядан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн