Ош шаарынын мэриясы Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын программасын жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 10:00дө калаанын борбордук аянтында эстрада ырчылары жана театр артисттеринин катышуусунда концерт өтөт. Анын жүрүшүндө манты, талкан, кымыз жана башка улуттук тамак-ашты жеп түгөтүү боюнча конкурс уюштурулары айтылды.
Муниципалитет 20-март күнү шаардын аймактык башкармалыктарында эки тонна сүмөлөк кайнатыларын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн